Сумбула айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

 

2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн

- жогорку билим;

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

 

3. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн

- жогорку же орто кесиптик билим;

- эмгек стажына талап коюлбайт;

 

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

 

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:

 

  • Жеке арыз (административдик кызмат орунун тобун көрсөтүү менен);
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
  • Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
  • Паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтер жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Сумбула  айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.

Дареги: Андарак  айылы  Достук  көчөсү №151, маалымат алуу үчүн байланыш телефону:

 0777008586,   0507008586

Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.